Евразия экономикалык биримдигинин санариптик мейкиндигин түзүү үчүн бул багыттагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга дем берүү керек. Бул туурасында Премьер-министр Улукбек Марипов "Санариптик кайра жүктөө: жаңы реалдуулуктагы рынок" санариптик форумунун жалпы сессиясынын жүрүшүндө айтты.
"Биримдиктин ар бир өлкөсү санариптик трансформацияда белгилүү натыйжаларга жетишти. Ага карабастан товарлардын эркин жүрүшүн, транзиттик дараметин өнүктүрүүнү, экспортту, жарандардын эркин жүрүүсүн камсыздоо милдеттерин чечүү үчүн интеграцияны өнүктүрүүгө багытталган санариптик демилгелерди колдоого алуу зарыл. Эл аралык кызматташууга карай муктаждык киберкоопсуздук жана персоналдык маалыматтарды коргоо маселеси жаралгандыгына байланыштуу көбүрөөк пайда болууда. Киберкоркунучтардын глобалдуу, трансулуттук мүнөзүн эске алуу менен чечүү зарыл", - деди Улукбек Марипов.
Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстан тараптан бизнести өнүктүрүү, санариптик технологияларды ишке киргизүү менен жарандардын жашоо ыңгайлуулугу үчүн шарт түзүү жана ачык санариптик коом уюштуруу боюнча активдүү чаралар кабыл алынууда. Алдыда санариптик технологияларды кеңири ишке киргизүү боюнча чоң пландар бар. Өкмөт башчы форумда көтөрүлгөн бардык демилгелер ишке ашырылып, биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана биргелешкен максатка жетүүгө өбөлгө түзүлөөрүнө ишеним билдирди.