Жаңылыктар
Өкмөт башчылар кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулашты
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт башчылар кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулашты

Премьер-министр Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына жана «Almaty digital Forum 2021» санариптик форумуна катышуу алкагында Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту. 

Улукбек Марипов жана Никол Пашинян өз-ара кызыкчылыкты туудурган ар кыл тармактардагы эки жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Өкмөт башчылар кыргыз-армян экономикалык байланыштарын жана эл аралык уюмдар жана интеграциялык бирикмелер алкагындагы өз-ара аракеттешүүнү кеңейтүү зарылдыгын белгилешти. 

Никол Пашинян кесиптешин Кыргызстандын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик жана кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү каалады.