Жаңылыктар
Салык кызматы Бишкекте патенти жок иштеп жаткан 22 субъектти аныктады
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы Бишкекте патенти жок иштеп жаткан 22 субъектти аныктады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери бир күндүн ичинде Бишкек шаарында пландалган рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө милдеттүү патенттин жана камсыздандыруу полистеринин негизинде 22 субъект салык төлөбөй иштеп жаткандыгын аныкташты.

Алардын ичинен 2 сауна, 1 мончо, 1 алмашуу бюро, 13 чач тарач жана сулуулук салон, 3 стоматология жана 2 унаа жуугуч салык төлөбөстөн иш жүргүзүшкөн.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча КР мыйзамдарына ылайык айыптар салынды жана милдеттүү патент берүү камсыздалды.

Бул багыттагы иштер дагы улантылат.