Премьер-министр Улукбек Мариповдун Жогорку Кеңештин 3-февралындагы жыйынында Төрткүл суу сактагычы тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет.
Төрткүл суу сактагычынын көлөмү 90 млн кубду түзөт, ал Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Бүгүнкү күндө Төрткүл суу сактагычы Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. Аталган суу сактагыч Баткен облусу үчүн гана эмес, жалпы республика үчүн стратегиялык мааниге ээ. Белгилесек, Премьер-министр Улукбек Марипов 1991-жылдын 16-майында кол коюлган келишим боюнча суу ресурстарын бөлүштүрүү көйгөйүн билдирген. Бүгүнкү күндө аталган келишим боюнча тараптардын айрым пикир келишпестиги орун алган жана бул маселе Өкмөт башчы тараптан эске салынган.
Буга катар Кыргыз Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү тарабынан аталган маселени мыйзам алкагында жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр улантылууда.
Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, Төрткүл суу сактагычы жана ага кошулган каналдар Кыргызстанга тийиштүү. Республиканын аймактык биримдигин сактоо жана мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги мамлекетибиздин негизги принциптери болуп саналат.