Премьер-министр Улукбек Марипов Алматы шаарында өтүүчү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланат.
Иш-чаранын алкагында Өкмөт башчы Беларусь Премьер-министри Роман Головченко, Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин жана Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушуусу күтүлүүдө. Мындан тышкары, премьер-министр "Almaty Digital Forum 2021" форумунун ишине катышмакчы.