Борбор калаадагы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында таланты менен дүйнөнү багындарган кайталангыс өнөр ээси Чолпонбек Базарбаевди эскерүү кечеси уюштурулду.
Көрүүчүлөргө дүйнөлүк балет классикасынан үзүндүлөр, улуттук жана заманбап хореографиянын чыгармалары тартууланды. Иш-чарага бир катар маданият өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана коноктор катышты. Көрүүчүлөрдүн айтымында, таланты менен ысымы кыргыз маданиятында алтын тамга менен жазылып калган инсан түбөлүк жашайт.