Бишкекте «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы “Кыргыз жолу” коому менен биргеликте өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон бир катар жарлыктарды ишке ашыруу максатында кереге кеңешме өттү.
Иш-чарага коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, манас таануучулар жана жазуучулар катышып, “Өнүгүүнүн кыргыз жолу” деген теманын тегерегинде жана Чоюн Өмүралиевдин “Манас жол” деген улуттук программасы талкууланып, өзгөчө адам факторуна маани берилди. Бул эки баяндама “Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” , “Мамлекеттик жаңы кадр саясаты” жөнүндө жарлыктарга түз-түздөн байланыштуу.
“Бүгүн «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы «Кыргыз жолу» руханий коому менен биргеликте жарлыкта айтылган ойлорду ишке ашыруу макстында талкуу жүргузүп жатабыз”,- деди "Кыргыз жолу" коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев.