Жаңылыктар
Жаңы окуу жылына 1-класска балдарды электрондук каттоо 15-февралда башталат
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы окуу жылына 1-класска балдарды электрондук каттоо 15-февралда башталат

15-февралдан баштап 2021-2022-окуу жылына 1-класска балдарды электрондук каттоо башталат. Бишкек, Ош, Кызыл-Кыя, Жалал-Абад жана Кара-Балта шаарларында мектеп босогосун жаңыдан аттай турган жеткинчектер өздөрү жашаган аймактагы мектепке электрондук негизде катталышат. 

Билим берүү жана илим министрлиги мындай системаны коррупциянын алдын алып, балдарды мектеп ачыларда эмес, алдын ала каттап алардын санын тактоого ылайыкташтырган. Программа боюнча 15-апрелден баштап балдар азыраак болгон Талас, Нарын, Каракол, Баткен жана Кара-Суу шаарларында каттоо жүрөт.

Электрондук негизде мектепке орноштуруу 5-августта аяктаган соң, 5-сентябрга чейин ата-энелер мектепке баланын тиешелүү документтерин алып барашы керек. Былтыркы окуу жылында жалпы 150 миң бала 1-класска барса анын ичинен 30 миңи электрондук негизде мектепке алынган. Бишкек шаарында 17 миңден ашык бала февралдан баштап жашаган аймагына карата 1-класска катталышкан.