Баш мыйзамдын жаңы долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү. Өткөн жылдын 20-ноябрында Парламенттин Төрагасы, ошол учурда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен Конституциялык кеңешме түзүлүп, эки жарым айда Баш мыйзамдын жаңы редакциясы кеңири талкууланды. Эми мыйзам жол берген жол-жобого ылайык Конституциянын электрондук долбоору Парламенттин расмий сайтына илинип, коомдук талкууга коюлат.