Жаңылыктар
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев кызматына киришти
Кыргызстан жаңылыктары
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев кызматына киришти

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев расмий кызматына киришти. 

Аны жамаатка Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков тааныштырды. Маданият жана спорт тармагынын өкүлдөрү жыйында тармакты көтөрүүгө көп иштер мерчемделгенин, аларды ишке ашыруу муктаждыгы күч экенин айтышты. 

Өкмөттүн жаңы түзүмүнө ылайык министрликке эми спорт тармагы да карап, буга чейинки туризм департаменти экономика министрлигинин карамагына өттү. Кайрат Иманалиев алдыда бир топ мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар турганын алардын баарына кыска убакыт аралыгында даярдык көрүү зарылдыгына токтолду. Жаштайынан чыгармачылыкка аралашкан Кайрат Иманалиев буга чейин аталган министрликте орун басарлык кызматты аркалаган.