Жаңылыктар
Улуттук банктын жана банк секторунун 2021-жылга карата биринчи кезектеги пландары талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук банктын жана банк секторунун 2021-жылга карата биринчи кезектеги пландары талкууланды

Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Улуттук Банктын жана банк секторунун 2021-жылга карата биринчи кезектеги пландары талкууланды. 

Мамлекет башчысына экономиканын реалдуу секторун колдоо, коронавирус инфекциясы пандемиясынын таасири менен кесепеттерин жоюу боюнча чаралар тууралуу маалымат берилди. Толкунбек Абдыгулов 2020-жыл кыйынчылыктарга карабастан, ата мекендик каржы системасы үчүн жакшы көрсөткүчтөр менен аяктаганын айтты. Улуттук банк инфляцияны орто мөөнөттүү көрсөткүчтөрүн 5-7 %дын тегерегинде кармай алды. Банк секторунда оң көрсөткүчтөр сакталды, насыялык портфель 11%га көбөйүп, 162,6 млрд сомду түздү, банктагы депозиттер 19,9 %га өсүп, 180,9 млрд сомду түздү. 

Алтын валюта кору 384 млн долларга өсүп, жыл соңунда 2 млрд 808 млн долларды түздү. Бул келечектеги 6 айлык импортту жабат. Улуттук Банктын кирешеси 8 млрд 484 млн сомду түздү. Ошондой эле, Улуттук банк экономиканын реалдуу секторун колдоого 9,6 миллиард сом бөлгөн. Улуттук банк 2021-жылы банк системасынын туруктуулугун кармоо, төлөм системасын өнүктүрүү жана банк мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштерди улантууну пландап жатат. 

Президент Кыргызстандын соода-экономикалык өнөктөш өлкөлөрүнүн эл аралык каржы рыногундагы кырдаалга байкоо жүргүзүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгиледи. Буга байланыштуу ал тышкы экономиканын таасирлеринен улуттук экономикага болгон тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды көрүү зарылдыгына токтолду. Мамлекет башчысы улуттук валюта курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүү керектигин айтты.