Жаңылыктар
УКМК: Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата дагы бир кылмыш иши козголду
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата дагы бир кылмыш иши козголду

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Гүлбара Калиева жана Бишкектин Свердлов райондук сотунун экс-төрагасына карата кылмыш иши боюнча дагы бир сотко чейинки өндүрүш иши башталды. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы соттук корпустун төрагалары тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктаган. Сот бутагынын айрым өкүлдөрү жеке кастык мамилесинен улам кээ бир судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу максатында интернет тармагына кадыр-баркка шек келтирген видео материалдарды таркаткан. 

Жогорку соттун төрайымы райондук соттун экс-төрагасын жоопкерчиликке тартууга багытталган мыйзамдуу чараларды көрүүнүн ордуна аталган фактыны жана кызматтык иликтөөнүн натыйжаларын жашырган. Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгү боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Буга чейин да Жогорку соттун төрайымы Калиевага карата "Жергиликтүү сот" автоматташтырылган маалымат тутумун иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу учурунда коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.