Жаңылыктар
Бүгүн рак илдети менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн рак илдети менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү

4-февраль - рак менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Буга байланыштуу борбор калаада Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Улуттук онкология борборунун жана эл аралык уюмдардын адистеринин катышуусунда жолугушуу болду. 

Иш-чаранын негизги максаты - рак илдети жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу жана анын алдын алуу, дарылоо. Статистикага караганда, 2019-жылы 5 миң 506 адам онкологиялык оору менен каттоого алынып, анын 3 миң 678и каза болгон. 

Ал эми дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө ар бир бешинчи адам бул илдетке чалдыгат. Ар бир сегизинчи эркек жана ар бир он биринчи аял ушул оорудан көз жумат. Адистер, кандай оору болбосун убагында дарыланып, жылына бир ирет текшерилип коюу керек экенин эскертишет.