Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кызматкерлерине Бишкек шаарына турак жай салуу үчүн 580 миллион 935 миң сомго тендер жарыялады. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуу порталына чыкты.
Ага ылайык, кызматкерлерге Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисине тогуз кабаттуу алты үй курулганы жатат. Тендердин талаптары боюнча турак жай бардык шарттары менен болушу керек. 2-февралда жарыяланган сынакка документ берүү 25-февралда аяктайт. Тендерди уткан ишкана курулуш иштерин 2022-жылдын август айына чейин аякташы зарыл.