8-февралдан тарта Кыргызстандан Россияга авиакаттамдардын саны өсөт. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн сайтында жазылган.
"8-февралдан тарта Москва — Бишкек каттамы жумасына бир каттамдан алты каттамга чейин көбөйтүлөт", — деп айтылат маалыматта. Буга чейин жумасына бир эле каттам аткарылып турган.
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматына караганда, мындай чечим эпидемиологиялык кырдаалдын турукташкандыгына, ошондой эле жаңы коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу боюнча ыкчам штабдын көрсөтмөсү боюнча кабыл алынды.