Жаңылыктар
Премьер-министр Улукбек Марипов туруктуу экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгуу милдеттерин белгиледи
Кыргызстан жаңылыктары
Премьер-министр Улукбек Марипов туруктуу экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгуу милдеттерин белгиледи

Премьер-министр Улукбек Марипов Экономика жана финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына Вице-премьер-министр - экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаковду тааныштырды. 

Өкмөт башчы министрликтин жетекчилиги алдында турган негизги милдеттерди, анын катарында туруктуу экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгуу боюнча милдеттерди белгиледи.

«Учурда Экономика жана финансы министрлигине чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Кеп бардык социалдык милдеттенмелерди, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу, экономиканы турукташтыруу боюнча каатчылыкка каршы ыкчам чараларды кабыл алуу боюнча иштер тууралуу жүрүүдө», - деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы вице-премьер-министр даражасындагы министрдин ишине ийгиликтерди жана алдыга коюлган пландардын ишке ашуусун каалады.