1-февралда УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын ишин каржылоо каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталып жүргүзүлүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жараны А.Н. кармалды.
Такталгандай, кармалган адам Жакынкы Чыгыштагы куралдуу жаңжалдар болуп жаткан аймактарга адамдарды жөнөтүү үчүн акча каражаттарын чогултуп жүргөндүгү аныкталды. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.