Жаңылыктар
Ат-Башы районундагы жол кырсыгынан 2 киши каза болуп, дагы үчөө жаракат алды
Кыргызстан жаңылыктары
Ат-Башы районундагы жол кырсыгынан 2 киши каза болуп, дагы үчөө жаракат алды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда 3-февраль күнү адам өмүрлөрүн алган жол кырсыгы катталды. Жол кырсыгы Кара-Суу айылынын Ак-Кокту тилкесинде Ауди С4 жана Тойота Ипсум унааларынын катышуусунда болгон. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.   

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши каза болуп, 3 адам оор жаракат алган. Жерине ӨКМдин өрткө каршы куткаруу бөлүгү тартылып, жабыркаган адамдарды Ат-Башы райондук ооруканасына жеткиришкен, ал эми каза болгон адамдарды ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.