Баткен облусунун Кадамжай районунда 3-февраль күнү саат 12:00 чамасында Кадамжай шаарынын Сурьма комбинаттын аймагындагы иштетилбеген шахтасынан өрт чыккан. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Шахтанын ичин жергиликтүү тургундар мал кармоого пайдаланылып келген. Өрттүн кесепетинен 243 кой-эчки өлгөн. Окуя болгон жерге КР ӨКМнин ТКККнын №3 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылган. Куткаруучулар тосмо орнотуп, тургундардын макулдугунун негизинде 243 кой-эчкини шахтанын ичинде көмүп кетишкен. Жабыркаган жана каза болгон адамдар жок.