Өкмөттүн бир катар мүчөлөрүн кызматтан бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол коюлду. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлык менен «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамынын беренесине ылайык өкмөттүн төмөнкү мүчөлөрү кызматынан бошотулду.
- Максат Мамытканов вице-премьер-министрдин кызматынан;
- Эльвира Сурабалдиева вице-премьер-министрдин кызматынан;
- Равшанбек Сабиров вице-премьер-министрдин кызматынан;
- Бактыбек Аманбаев Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчиси - министрдин кызматынан;
- Кыялбек Мукашев Финансы министринин кызматынан;
- Марат Жаманкулов Юстиция министринин кызматынан;
- Санжар Муканбетов Экономика министри кызматынан;
- Тилек Токтогазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызматынан;
- Бакыт Бердалиев Транспорт жана жолдор министри кызматынан;
- Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан;
- Ализа Солтонбекова Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматынан;
- Эрлис Тердикбаев Мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасы кызматынан;
- Жыргалбек Сагынбаев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан;
- Алтынбек Исмаилов Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.