Улукбек Марипов өлкөнүн премьер-министри болуп дайындалды. Тиешелуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Мамлекет башчынын башка жарлыгы менен Артём Новиков биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалды жана мурда жүктөлгөн мидеттерди аткаруудан бошотулду.
Ошондой эле Конституциянын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Өкмөттүн жаңы курамы:
Вице-премьер-министр - экономика жана каржы министри - Улукбек Кармышаков;
Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчиси - министр кызматына - Жеңишбек Асанкулов;
Коргоо министри кызматына - Таалайбек Өмүралиев;
Тышкы иштер министри кызматына Руслан Казакбаев;
Юстиция министри кызматына- Асель Чынбаева;
Ички иштер министри кызматына - Улан Ниязбеков;
Билим берүү жана илим министри кызматына -Алмазбек Бейшеналиев;
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына- Алымкадыр Бейшеналиев;
Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри кызматына- Гүлмира Абдралиева;
Энергетика жана өнөр жай министри кызматына - Кубанычбек Турдубаев;
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри кызматына - Аскарбек Жаныбеков;
Озгөчө кырдаалдар министри кызматына- Бообек Ажикеев;
Маданият, маалымат жана спорт министри кызматына- Кайрат Иманалиев;
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына - Камчыбек Ташиев дайындалды.