Жаңылыктар
Ипотекалык насыяга үй алган айрым жарандар нааразычылык билдиришүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ипотекалык насыяга үй алган айрым жарандар нааразычылык билдиришүүдө

Ипотекалык насыяга үй алган айрым жарандар нааразычылык билдирип, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын имаратынын алдына барышты. 

Айтымдарында компания жаңыдан иштеп баштаган мезгилде үстөк пайызы 14 пайыз болсо кийинки жылдары азайтылып, 6-7 пайызга түшкөн. Эми алар төмөндөтүлгөн пайыз менен насыя төлөө талабын коюшууда.

Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компания өкүлдөрү бул боюнча ушул тапта сүйлөшүүлөр болуп жатканын билдирди. 2020-жылдын 1-майынан баштап өкмөттүн турак жай программасынын алкагында берилген ипотекалык насыялардын пайыздык чендери бир пайызга төмөндөгөн.

“Биз билебиз бул тууралуу биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бизге бул маселе боюнча сунуштама келген. А эгер буйрук келсе анда түшүрмөкбүз”,- деди Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчисинин орун басары Гүланда Нурмолдоева.