Ишкерлердин укугун коргоо, фискалдык жана көзөмөлдөөчү органдардын негизсиз кийлигишүүсүн токтотуу жана ишкерлерге карата тоскоолдук чараларын жоюу максатында президент Садыр Жапаров «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Ага ылайык өкмөт ишкерлерге жагымдуу шарт түзүүгө багытталган мыйзамдардын пакетин даярдашы керек.