Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Төрага Талант Мамытов билдирди.
Анын айтымында, депутаттар жакынкы күндөрү Баш мыйзамдын долбоору менен таанышат. Буга чейин Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын долбоору боюнча ишин жыйынтыктаган. Конституциянын жаңы долбоорунда президенттик башкаруу формасы каралган. 10-январында референдум өтүп, анда президенттик башкаруу формасы добуштардын саны боюнча алдыга чыккан.