Жаңылыктар
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 116 адамдан табылып, бир бейтап каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 116 адамдан табылып, бир бейтап каза болду

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус 116 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бишкекте коронавирус – 54 адамдан, Чүй облусунда – 45, Ош облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда – 11, Баткен облусунда - 1 кишиден табылган. 

Ал эми бир сутка ичинде 130 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 533 бейтап, амбулатордук түрдө 646 адам дарыланууда. Ошондой эле, эки медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Үй карантининен эки, ал эми стационардан бир медик айыгып чыкты. 

Пандемия башталгандан бери 4 миң 179 медицина кызматкери илдетти жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 95 медкызматкер айыгып чыккан. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 84 миң 762 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 81 миң 232 киши айыгып чыкса, 1 миң 415 адам каза болду.