Парламент бүгүн премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карайт. Кечээ, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бир добуштан жактырган. Марипов сунуш кылган өкмөттүн курамы 22ден 16га кыскарат.
Муну менен катар каржылык жоопкерчиликти арттыруу багытында Экономика жана финансы министрликтери бириктирилет, Социалдык өнүктүрүү министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлигине кошулат, Транспорт министрлигине архитектура тармагы да жүктөлөт. Коргоо министрлиги кайрадан түзүлөт. Андан сырткары, энергетика чөйрөсүндө көйгөйлөр көп экендиги эске алынып, өзүнчө министрлик түзүлүп, Айыл чарба министрлигине аймактарды өнүктүрүү жоопкерчилиги берилет.
1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдогон. Аны бул кызматка «Республика - Ата-Журт» фракциясы сунуштаган. 41 жаштагы Марипов 2016-жылдын мартынан ушул убакка чейин Эсеп палатасын жетектеп келди.