Бааларды турукташтыруу, борбордун базарларында жана дүкөндөрүндө ундун кеңири сатылышы үчүн өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду кампалардан ун сатат.
Бишкек шаарынын тургундары биринчи сорттогу ундун килограммын 24 сомдон, экинчи сорттогу унду 16 сомдон Карадарыя көчөсүндөгү 3-үйдүн базасынан сатып алса болот. Толук маалымат алуу үчүн 0556 700 800. Ошондой эле арзан баада ун Кулиев көчөсү 1 дарегиндеги шаардык ун комбинатынан сатылат. Байланыш телефону: 0 (312) 658658.