8 жыл мурда чек ара жаңжалынан кийин Баткен районундагы Чарбак айылынын тургундары башка жакка көчүп кете башташкан. 20га жакын үй-бүлө турак жайын таштап, биротоло орун которгон болсо, жаштар арасында миграция күч алган. Анын айынан мектептеги мугалимдердин жана окуучулардын саны да азайган. Жергиликтүүлөр буга сугат суунун жоктугу себеп болгонун айтышат. Аймактык кабарчыбыз Өзбекстан менен чектешип турган чарбактыктардын бүгүнкү күндөгү жашоосу тууралуу айтып берет.
30 жыл мурда Чарбак айылындагы ашар ыкмасы менен курулган мектептин окуучулары күн өткөн сайын дээрлик эки эсеге чейин азайган. Имараты болсо расмий түрдө жараксыз деп айтылбаганы менен ал да күндөн -күнгө начарлоодо. Мунун баары мындан 8 жыл мурда чек ара жаңжалынын таасиринен улам болуп жаткандыгын элеттиктер айтып келишет.
Буга чейин айылга сугат суусу Өзбекстанды аралап келип турган болсо, 2013-жылдан бери токтоп калган. Мындан улам негизги кирешени жер иштетүүдөн тапкан элеттиктер үй жайын таштап көчүп кетүүгө аргасыз болуп жатышат. Буга чейин 120 кожолуктан турган Чарбак айылында азыр 70ке жетпеген гана кожолук тиричилик өткөрүп келет.
Айылга чек ара макамы берилгени менен ошол кездеги бийлик убадалаган курулуштар ишке ашпай калган. 2013-жылы Чарбак айылына спорт залы курулмай болуп, сугат суусу да тартылаары айтылган. Жергиликтүүлөр өлкөнүн чек арасын бир гана аскер эмес билимдүү жана ден соолугу чың жаштар да коргоп алууга мүмкүн экенин айтышат.
Район акими чек арадагы элдин жашоо шартын жакшыртуу үчүн жаз айларына чейин сугат суу маселеси чечилерин билдирди. Бул үчүн “Кесек-Таш” деп аталган насостук бекет курулуп, 120 метр бийиктикке суу чыгарылат. Буга чейин сугат суунун жоктугунан пайдаланылбай жаткан жерлер өздөштүрүлсө, чарбактыктардын дыйканчылык кылуусуна шарт түзүлөт.