Жаңылыктар
Камсыздандырылган жарандар үчүн жеңилдиктер
Кыргызстан жаңылыктары
Камсыздандырылган жарандар үчүн жеңилдиктер

Милдеттүү медициналык камсыздандырылган жарандар үчүн жеңилдиктер каралган. Аларга медициналык кызматтардын көбү бекер көрсөтүлөт. Камсыздандыруу макамын алууну каалаган жарандар катталган жеринен атайын камсыздандыруу жөнүндө документ сатып алышы керек.

Бишкек шаарынын тургуну Жаныбек Найманбаев 21 жылдан бери саламаттыгына байланыштуу каттодо турган бейтапканасына байма-бай келип, текшерилип турат. Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык, ал абмулаториялык деңгээлде базалык медициналык кызматты бекер алат.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу – бул жарандарды саламаттык сактоо тармагында социалдык коргоонун мамлекеттик түрү.

Камсыздандырылган жарандар үчүн да базалык пакетке кирбей калган изилдөөлөр бекер көрсөтүлөт. Ал үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна катталышы керек. Ал эми дары-дармектерди да жеңилдиктер менен алса болот. Кошумча программанын негизинде дарыканалардан 200дөн ашык дары-дармектер 50 пайыздык жеңилдик менен берилет. Ал эми бронхиалдык астма,терминалдык онкологиялык оорусу, талма оорусу барлар жана аффектик бузуулуулар менен ооруган жарандарга 100 пайызга чейин жеңилдиктер каралган. 

Адистердин айтымында, камсызандыруу макамын алуу учун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна же Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык башкармалыктарына барып полис сатып алышы керек . Анын бир жылдык баасы учурда 1200 сом.