Жаңылыктар
Бишкектеги Калкты тейлөө борборлорунда жер маселеси боюнча кызмат көрсөтүлө баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги Калкты тейлөө борборлорунда жер маселеси боюнча кызмат көрсөтүлө баштады

Бишкектеги Калкты тейлөө борборлорунда кыймылсыз мүлк жана жер маселеси боюнча кызмат көрсөтүлө баштады. Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин кызмат көрсөтүүлөрү 1-февралдан 28-февралга чейин сыноо иретинде Бишкек шаарында жүргүзүлөт. 

Эгер ал ийгиликтүү ишке ашса, анда республиканын бардык аймактарындагы калкты тейлөө борборлорунда жанданат. Долбоор президенттин 2020-жылдын 17-декабрындагы "өлкөнү мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды ишке киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгынын алкагында, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмегин кеңейтүү максаттарында ишке ашырылууда.