Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында былтыр ички иштер министрлиги 10 районго “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборун ачты. Борборлор, ИИМден ар кандай тастыктамаларды, уруксат берүүчү кагаздарды убарасыз берет. Кызмат адамдары менен жарандардын байланышуусун азайтат. Коррупциялык аракеттерге бөгөт коет деген борборлор ушул тапта кандай иштеп жатат?
Тактама кагазын алууга келген Эрнис Коошбаев 3-4 жыл мурдагыдай узун кезеке турам деген ой менен маалымат борборуна эртелеп келген. Мурда керектүү кагазды алуу үчүн бир гана иш бөлмөсүнө кирүү керек болсо, азыр анын ордуна кенен жана жарык залда 10 оператор отурат. Каалаган терезеге келип, муктаж болгон маалыматты сураган учурда сылык-сыпаа мамиледе түшүндүрүп беришет.