Кыргызстан үчүн Россия негизги өнөктөш өлкө. Эгемендик жылдан бери дүйнөдөгү ири держава биздин өлкөгө ар тараптуу колдоо көргөзүп келет. Боордош Россия мамлекетинин жылуу мамилесине ант берип жатып президент Садыр Жапаров ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчы мындан ары Россия менен союздаш, өнөктөш мамилени чыңдоо - тышкы саясаттагы приоритеттүү багыттардан экенин белгиледи.
Союз доорунан берки эки өлкөнүн байланышы жана эгемендик жылдан берки өнөктөштүк өз жемишин берип келет. Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалына эмгек мигранттардын салымы зор. Россия аймагында бир миллиондун айланасындагы кыргызстандыктар эмгектенип, алар мекенине которгон каражат жылына 2 миллиард долларга барат. Россиядагы кыргызстандыктарга Борбор Азиядан барган башка жарандарга салыштырмалуу бир топ жеңилдиктер каралган.