Жаңылыктар
Коргоо министрлиги кайрадан түзүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Коргоо министрлиги кайрадан түзүлөт

Кечээ күнү президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Коргоо министрлиги кайра түзүлөт. Коргоо министрлигинин кайра түзүлүшү эл аралык мамилелерге оң таасирин тийгизет дейт серепчилер.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги 2014-жылы Куралдуу күчтөрдү реформалоонун жүрүшүндө жоюлган. Анын ордуна тармакты башкарган бирдиктүү орган катары Башкы штаб негизделген. Тармакты реформа кылуу аракети 2012-жылы жанданган. Иш башталганда туура багыт коюлганы менен аягына келгенде башкача болуп калганын айтышат.