Жаңылыктар
Жакынкы күндөрү Кыргызстанда жаңы өкмөт ишке киришет
Кыргызстан жаңылыктары
Жакынкы күндөрү Кыргызстанда жаңы өкмөт ишке киришет

Жакынкы күндөрү Кыргызстанда жаңы, 33-өкмөт ишке киришет. Анын түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңеш кечээтен тарта талкуулай баштады. Өзгөртүүлөргө ылайык, бир катар министрлик менен ведомстволор жоюлуп, ордуна жаңы органдар түзүлүүдө. Өкмөттүн курамында да бир нече орундар алмашууда.

Бул жолу жаңы өкмөттүн курамы жана түзүмү чоң өзгөрүүлөргө дуушар болду. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, 9 мамлекеттик агенттик жана 11 кызмат жоюлмакчы. Бир катар министрликтердин түзүмү жаңыланып, кайрадан түзүлмөкчү.