Бүгүн конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети өкмөттүн жаңы курамын карап жатат. Буга чейин премьер-министрликке сунушталган Улукбек Мариповдун талапкерлиги коалициялык көпчүлүк тарабынан жактырылган.
Жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамы 16 өкмөт мүчөсүнөн турат.
- Премьер-министр - Улукбек Марипов;
- Биринчи вице-премьер-министр - Артём Новиков;
- Экономика жана каржы министри - Вице-премьер-министр - Улукбек Карымшаков;
- Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - Жеңиш Асанкулов;
- Коргоо министри - Таалайбек Өмүралиев;
- Тышкы иштер министри - Руслан Казакбаев;
- Юстиция министри - Асел Чыныбаева;
- Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри - Алымкадыр Бейшеналиев;
- Билим берүү министри - Алмазбек Бейшеналиев;
- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри - Кайрат Иманалиев;
- Өзгөчө кырдаалдар министри - Бообек Ажиев;
- Ички иштер министри - Улан Ниязбеков;
- Транспорт, архитектура жана байланыш министри - Гүлмира Абдралиева;
- Энергетика жана өнөр жай министри - Кубанычбек Турдубаев;
- Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министри - Аскарбек Жаныбеков;
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы - Камчыбек Ташиев.