Жаңылыктар
Февраль айында өлкөдө күйүүчү майдын баасынын кымбатташы күтүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Февраль айында өлкөдө күйүүчү майдын баасынын кымбатташы күтүлүүдө

Февраль айында өлкөдө бензиндин баасы 2,5-3 %га кымбатташы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, россиялык мунай базарларында күйүүчү-майлоочу майдын дүң баасынын кымбаттаганы байкалууда. Бензин орто эсеп менен тоннасы 91,6 долларга, ал эми дизель майы тоннасы 25 долларга кымбаттаган. Бирок, нефтетрейдерлер компаниясы бааларды теңдөө жана дароо кымбаттатуунун алдын алуу саясатын улантууга ниеттенүүдө.

Ошондой эле, эл аралык сайттын рейтингине ылайык, Кыргызстан бензиндин баасы боюнча 181 өлкөнүн ичинен 11-орунда турат. Ал эми импорттоого муктаж өлкөлөрдүн ичинен майдын арзандыгы боюнча биринчи орунда турат. Биринчи жыйырмалыкка кирген башка бардык өлкөлөр нефти өндүрүүчү жана экспорттоочу болуп саналат. Алар Венесуэла, Сауд Арабиясы, Түркмөнстан, Кувейт, Катар, БАЭ, Иран, Казакстан, Нигерия жана башка өлкөлөр. Дүйнөдө бензиндин орточо баасы литрине 1,06 доллар болсо, Кыргызстанда 0,45 долларга барабар.