Жаңылыктар
Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алгандар көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алгандар көбөйдү

Кыргызстанда былтыр 2019-жылга караганда 119 миң 970ге азыраак унаа номери, 29 миң 192 даанага көбүрөөк айдоочулук күбөлүк берилген. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. 

Мурдагы жылы 309 миң 870 транспорттук каражат катталса, анын 37 миң 699у чет өлкөлөрдөн келген. Аймактын жана ээсинин өзгөрүшү менен 270 миң 695 унаа катталган.

Былтыр 189 миң 526 айдоочулук күбөлүк берилген, анын 187 миң 666сы улуттук, 1 миң 125и эл аралык стандарттагы күбөлүктөр.