2020-жылы Чүй облусунда коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чаралар тынымсыз аткарылууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Чүй облусунун аймагындагы атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чаралардын негизинде 11 потенциалдуу кооптуу тилкелеринде коргоо иштери аткарылып, анын натыйжасында 279 турак үй, 7 багбанчылык коомунун тилкеси, 1 мектеп, 112 га айдоо аянты, 1 көпүрө, 20 электр мамычасы корголуп, аткарылган иштердин көлөмү 45 779 миң куб, узундугу 4 766 миң метрди түзгөн.
Бул тууралуу ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы подполковник Азис Эгембердиев Чүй облусунун Жарандык Коргоонуунун 2020-жылдын жыйынтыгын чыгарууга арналган кеңешмеде айтты.
“Техногендик мүнөздөгү ар кандай кырсыктардын көбөйүшүнө карабай, 2020-жылы Чүй облусунун аймагында 2019-жылга салыштырмалуу өрттүн саны – 37,1% пайызга азайган. Ал эми өрт кырсыгынан келип чыккан материалдык чыгым 71 миллион 564 миң 098 сомду түзгөн. Бул сандардын аркасында ар кандай обьекттерде өрт коопсуздугун сактоо боюнча жүргүзгөн өрткө каршы кызматынын кызматкерлеринин тынымсыз эмгеги турат. Жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгы, өзгөчө кырдаалдар чыккан учурда калктын аракети тууралуу окутуу, коргоо иш чаралары, коронавирус инфекциясын менен күрөшүү боюнча иш-чаралар тынымсыз аткарылды", - деди ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы подполковник Азис Эгембердиев.
Атайын алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүнө карабастан 2020-жылы суу обьектилеринде 18 кырсык катталып, 20 адамдын өмүрүн алган.