Түп районундагы Балбай айылдык мектеби белгисиз мөнөөткө убактылуу жабылды. Буга мектеп имаратынын дубалдары, шыптарынын көк басканы себеп болууда.
Адистердин билдирүүсүндө мектептин окуу бөлмөлөрүндөгү нымдуулук өтө жогору болуп, окуу процесстерин токтотууга мажбур болушкан. Аталган билим уясы 2015-жылы ишке кирген. Бирок андан бир жыл өтпөй имарат жараксыз абалга кептелген.
Буга чейин бир нече жолу атайын комиссия түзүлгөнү менен, эч жыйынтык берген эмес. Бул мектеп республикалык бюджеттин эсебинен 41 миллион сомго тургузулган. Мектеп жамааты окуучулардын билим алуусун үзгүлтүккө учуратпай, окуу процессин онлайн түрүндө улантууну пландоодо.