Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отурумун өткөрдү.
Бекитилген күн тартибине ылайык, Кыргызпатенттин жана ведомствонун алдындагы уюмдардын отчеттук мезгилдеги ишинин жыйынтыктары чыгарылып, үстүбүздөгү жылдын пландары бекитилди, ошондой эле белгисиз жана талап кылынбаган автордук сый акыларды бөлүштүрүү маселелери каралды.
Азыркы учурда мамлекеттик инновациялык борбордун ачылышы боюнча оңдоо иштери жүрүп жатат, ал жеке сектордун өкүлдөрү жана эл аралык өнөктөштөр менен иш-чаралар өткөрүүгө, бардык инновациялык экосистеманын өкүлдөрүн бириктирүүгө, маалымат жана тажрыйба алмашуу, биргелешип окутуу жана башка механизмдерди түзүү менен бирге инновациялык процессти өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзөт.
Жыл ичинде биринчи мамлекеттик "Стартап Кыргызстан" сынагынын финалы уюштурулуп, сынакка жалпы 320дан ашык арыз келип түшкөн. Сынактын жыйынтыгында 4 жеңүүнүн ар-бирине 500000 сомго чейин гранттар бөлүнүп берилди. Учурда долбоорлорду коммерциялаштыруу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат.
Отурумдун жыйынтыгында 2021-жылы бир катар максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу тапшырылды.