Жаңылыктар
Ушул жылдын январь айында Жалал-Абад облусунда өрттүн саны өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Ушул жылдын январь айында Жалал-Абад облусунда өрттүн саны өстү

2021-жылдын январь айында Жалал-Абад облусунда 50 өрт кырсыгы катталып, 2020 - жылга салыштырмалуу өрттүн саны – 2,2 эсеге өскөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Өрттүн кесепетинен 2 жаран каза болуп, 1 автоунаа, 31 тонна тоют жабкыркаган. Өрттөрдүн кесепетинен 1 млн. 966 мин 406 сомдук материалдык зыян келтирилген. Ыкчам аракеттердин натыйжасында 23 млн. 504 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган. Негизинен өрт кырсыктары турак-жай секторунда катталган.

Катталган өрт кырсыктары Жалал-Абад облусунун район, шаарлары боюнча төмөндөгүчө бөлүнөт:

- Жалал-Абад шаарында - 6, (2020-ж.-4);

- Кара-Көл шаарында - 1, (2020-ж.-1);

- Майлуу-Суу шаарында - 4, (2020-ж.-1);

- Таш-Көмүр шаарында - 2, (2020-ж.-2);

- Аксы районунда - 6, (2020-ж.-0);

- Ала-Бука районунда - 5, (2020-ж.-1);

- Базар-Коргон районунда - 2, (2020-ж.-2);

- Ноокен районунда – 6, (2020-ж.-4);

- Сузак районунда -7, (2020-ж.-5);

- Тогуз-Торо районунда -1, (2020-ж.-1);

- Токтогул районунда -6, (2020-ж.-1);

- Чаткал районунда - 4, (2020-ж.-1).

Өрттүн негизги себептери:

- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 18;

- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 13;

- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 2;

- балдардын от менен ойноосуунан – 7 өрт кырсыгы болду.

Урматтуу жарандар! Өрттөрдүн келип чыгышын алдын алуу үчүн төмөнкү өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.
  • тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла;

Жогорудагы эрежелерди сактоо менен Сиз турак-жайынызды, мүлкүңүздү жана жакындарыңыздын өмүрүн сактап каласыз.