Кыргыздын алгачкы жазгыч акындарынын бири Молдо Кылыч Шамыркан уулуна арналган “Молдо Кылыч: Стенограмма” аттуу китептин бет ачары өттү.
Салтанаттуу иш-чарага бир катар илимпоздор, коомдук ишмерлер, профессорлор жана студенттер катышты. Бул эмгек Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана Адабият институту тарабынан басмадан чыкты. Китептин маңызы жазгыч акындын чыгармачылыгына жаңы көз караш, жаңы идея менен баа берүү. Басылма жогорку окуу жайлардын студенттери, мугалимдер үчүн абдан керектүү.