Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Түштүк Корея 2 өрт өчүрүүчү жана 2 куткаруучу техниканы камтыган унааларды гуманитардык жардам катары тапшырды.
Жардам эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын алкагында көрсөтүлдү. Тилсиз жоо борбор калаада көп катталганына байланыштуу келген техникалар Бишкек башкармалыгынын карамагына өтөт. Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Бообек Ажикеев республикадагы өрт өчүрүүчү унаалардын дээрлик баарынын иштөө мөөнөтү аяктаганын, ага карабай куткаруучулар колдо бар техникаларды оңдоп, иштеп жатканын белгиледи. Кыргызстан боюнча 221 техника болсо анын 35и толук жараксыз. Пандемия учурунда 14 өрт өчүрүүчү унаага күч келип, тетиктери керектен чыккан.