Шаардык таштанды талаасында сактоо мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктар жок кылынды.
Январь айында финансылык чалгындоо кызматкерлери "Не сахар" долбоорунун жардамы менен пайдалануу мөөнөтү 2017-2018-жылга чейинки кондитердик азыктарды аныктаган. Кампада, мөөнөтүн жаңыртуу үчүн колдонулчу мөөр белги, мөөнөтү көрсөтүлбөгөн момпосуйлар табылган.
Учурда экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы аталган фактылардын негизинде иш алып барууда. Кызмат ишкерлерди кирешенин артынан куубай, элдин саламаттыгын ойлоону унутпоого чакырат.