Жазгы талаа иштерин, айыл чарба техникасы менен жабдыктар 85 пайызга даяр.Быйыл кылкандуу дан эгиндеринин жана бакча өсүмдүктөрүнүн айдоо аянты кеңейтилди.
Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл жалпы айдоо аянты 1 миллион 230 миң гектарды түзөт. Бул былтыркы жылга караганда 6 жарым миң гектарга көп.
Сапаттуу үрөн келечектеги түшүмдүн кепилдиги демекчи, айрым дыйкандар урөндүн сапатына маани бербей, базарлардан же башка жерлерден сатып алышат. Адистердин айтымында, мындай үрөндүн түшүмүнө эч ким кепилдик бере албайт. Буга байланыштуу үрөнчүлүктү мамлекеттик дотацияга алуу боюнча мыйзам киргизилген. Башкача айтканда, үрөндүн 30 пайызын мамлекет төлөп берет.
Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл Кыргызстанда айыл чарба техникасы жетиштүү. Жаныбек Керималиевдин айтымында, учурда жазгы талаа жумуштары үчүн айыл чарба техникасы менен жабдыктар 85 пайызга даяр.
Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл күйүүчү май тартыштыгы болбойт. Майдын бир литринин орточо баасы 35-36 сомду түзөт.