Жаңылыктар
ӨКМ: Баткен облусунда 2020-жылы өзгөчө кырдаалдардан 24 адам каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: Баткен облусунда 2020-жылы өзгөчө кырдаалдардан 24 адам каза болду

Баткен облусунда 2020-жылы өзгөчө кырдаалдардан 24 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында айтылды. 

2019-жылда 124 окуу-машыгуулар өткөрүлсө, 2020-жылы эпидемияга байланыштуу 10 окуу-машыгуу өткөрүлгөн. ӨКМдин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун курстарынан окуудан өткөндөрдүн категориялары боюнча 2019-жылы 95 кызматкер, ал эми 2020-жылы онлайн аркылуу 123 кызматкер өткөрүлгөн. 

Ошондой эле, 2019-жылы 15 өзгөчө кырдаалдар катталып, болжолдуу материалдык чыгым 22 млн 943 миң 109 сом, ал эми 2020-жылы жети өзгөчө кырдаалдар катталып, материалдык чыгым 75 млн 589 миң 400 сомду түзгөн. Өткөн жылы облус аймагында жалпы 175 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгымы 24 млн 686 миң 461 сомду түздү. Капиталдык курулуш багыты боюнча 2020-жыл ичинде 3 объектиде иш-чара каралып, толугу менен бүткөрүлдү. Жыйынтыгында облустун Жарандык коргонуу жаатында аткарган жумушу “канааттандыраарлык” деп табылып, 2021-жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана эпидемиянын алдын алуу жумуштарын күчөтүү тапшырмалары коюлду.