Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгы
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгы

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Ички саясаттын эң маанилүү багытын – жогорку моралдык ченемдерди, каада-салттарды, салттуу болгон үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону өздөштүрүү, Кыргызстан элдеринин маданияттарынын дөөлөтүн, кайталангыстыгын жана бирдиктүүлүгүн чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктардын системасына өтүү аркылуу жарандарды тарбиялоону колдоо максатында токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:

– коомчулуктун, маданият, илим жана билим берүү ишмерлеринин, бардык кызыкдар тараптардын кеңири катышуусунда 2021-жылдын 1-июнуна чейин Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциясын (мындан ары – Концепция) иштеп чыксын жана киргизсин;

– бул чөйрөдө колдонулуп жаткан бардык ченемдик укуктук, концептуалдык, программалык документтерди аларды инвентаризациялоо жана иштелип чыгуучу Концепцияга ылайык келтирүү жагына кайра карап чыгуу;

– Концепцияны иштеп чыгууда төмөнкү принциптер эске алынсын:

турмуштук жүрүш-турушта руханий-адеп-ахлактык жүйөнүн материалдык кызыкчылыкка караганда артыкчылыгы;

коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктардын жеке кызыкчылыкка караганда артыкчылыгы жана аларды бири-бирине каршы койбоо;

мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдеринде, аракеттеринде калыстык принцибинин артыкчылыгы;

мамлекеттин жана коомдун негизи катары тарбиячылардын, мугалимдердин, врачтардын жана аскер кызматчыларынын статусунун барктуулугу жана баалуулугу;

патриоттуулук, каармандык, мамлекеттик жана муниципалдык бардык кызматтын элге жана Мекенге берилгендиги жана кызмат кылуусу;

– элдин мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына ишенич деңгээлин көтөрүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жаңы талаптарды төмөнкүдөй негиздерде иштеп чыгуу:

мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын Конституцияны жана мыйзамдарды сактоодо, кызмат ордундагы жана кызматтык ыйгарым укуктарды коомдук иште жана жашоо-турмушта ак ниет аткаруунун үлгүсү болуусу жана элдин пикирин жана талабын билдирүүсү;

мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн кыйла квалификациялуу, жогору адеп-ахлактуу жана кынтыксыз бедели бар адамдарды даярдоо жана алардын арасынан тандоо.

2. Маданият, билим берүү, илим жана спорт мамлекеттик органдары:

– билим берүү системасында тарбия берүүнүн улуттук маданий, руханий-адеп-ахлактык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга ылайык келүүсүн; жарандарды жана биринчи кезекте балдарды, анын ичинде турмуштук оор кырдаалдагы балдарды дене-бою жагынан, психикалык, социалдык, руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылсын;

– билим берүүнүн окуу стандарттарын кайра карап чыксын жана окуучуларды жана окуу жайларынын студенттерине этика, эстетика жана дене тарбиясы боюнча предметтерди киргизсин;

– ар бир жарандын чыгармачыл жөндөмдөрүн ачуу жана өнүктүрүү, аны эмгекти сүйүүгө жана жогорку адеп-ахлактык принциптерге, инсандын өзүн-өзү жетилтүү жана өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзсүн;

– балдарда жана жаштарда бүтүн дүйнө таанууну жана заманбап илимий көз карашты, эмгекке шыктанууну, активдүү жашоо жана кесиптик позицияны, табиятка этият мамиле кылууну калыптандырсын;

– билим берүү системасына жогорку деңгээлде окуу процессин жүргүзүүгө, жөндөмдүү таланттуу педагогикалык жана илимий кызматкерлерди, адистерди тартсын;

– дене тарбия жана спорт каражаттары аркылуу өсүп келе жаткан муундун жарандык-патриоттук тарбиясын жогорулатсын;

– жарандардын, анын ичинде майыптардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылсын.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

– руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү, патриоттук жана дене тарбиясы жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;

– тиешелүү аймакта калкты руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүүгө жана дене тарбиясына багытталган иш-чараларды туруктуу негизде уюштурсун жана өткөрсүн.

4. Жалпыга маалымдоо каражаттары:

– салттуу коомдун баалуулуктарын, үй-бүлө, сергек жашоо, Ата Мекенди сүйүү жана элге кызмат кылуунун идеалдарын үгүттөсүн;

– эл аралык деңгээлде өлкөнү жакшы жагынан көрсөтсүн.