Жаңылыктар
Өз өмүрүн тобокелге салган өрт өчүрүүчүлөр. Өрт өчүрүү кызматына 95 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Өз өмүрүн тобокелге салган өрт өчүрүүчүлөр. Өрт өчүрүү кызматына 95 жыл

Быйыл өрт өчүрүү кызматынын түзүлгөнүнө 95 жыл болот. Тилсиз жоо менен арбашкан эр азаматтардын жашоо шартына жана иштөө шарттарына көңүл бурула баштады. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алгач Каракол шаарындагы өрт өчүрүү кызматынан кабар алды. Ушул тапта облус боюнча эки өрт өчүрүү кызматы болсо, анын бири дал ушул облус борборунда жайгашкан. Өткөн жылы аймакта 100го чукул тилсиз жоо катталса, өрт өчүрүүчүлөр 75 млн сомдук баалуулуктарды сактап калышты. Өрт өчүрүү адистиги - бул тынбаган көзөмөл жана координациялык уюштуруу иштеринин натыйжасы.

“Куткаруучулар суудан, тоодон, түз жерлерден жана башка куткаруу иш чараларына катышып келебиз. Негизи бир эле максатыбыз бар, жарандардын өмүрүн сактоо, өз өмүрүбүздү тобокелге салып, так жана туура ишти аткарганга аракет кылып келебиз. Куткаруу иштерин аткарып жатканда ар кандай коркунучтар болот. Ошого карбастан, элдин ишеничин аткарган чоң иштерди аткарып келебиз”,- деди ӨКМдин Каракол шаардык бөлүмүнүн башчысы Адис Кыдыкбаев.