Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземине катышуу үчүн келген Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө жамааттык коопсуздук системасын мындан ары чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Ошондой эле тараптар регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Зась уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү жана ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декабрдагы сессиясынын чечимдерин ишке ашыруу боюнча пландаштырылып жаткан иши жөнүндө маалымат берген. Өз кезегинде Казакбаев ЖККУнун алкагында бардык тараптардын кызыкчылыктарына жооп берген багыттар боюнча натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.