Бишкек мэриясы жана “Газпром Кыргызстан” ишканасы ортосунда “Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасынын от казандарын жаратылыш газына которууну уюштуруу боюнча меморандумга кол коюлду.
Меморандум “Бишкек шаарында жана Чүй облусунун Сокулук, Аламүдун райондорундагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча комплекстүү чаралардын 2021-2023-жылдарга бекитилген планын” ишке ашыруу алкагында иштелип чыккан. Бул иш-чаранын алкагында быйылкы жылдын күз-кыш мезгилине карата борбор калаадагы көмүр менен иштеген 23 от казан көгүлтүр от менен иштөөгө өтөт.
Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев экологияны жакшыртууга карата мындан аркы кадам мончолорду жана унааларды газга өткөрүү аракети көрүлөөрүн билдирди.